Аскер кызматкери жөө адамды сүзүп кеткен. Кызматтык иликтөө башталды
RU

Аскер кызматкери жөө адамды сүзүп кеткен. Кызматтык иликтөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте аскер кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул туурасында Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилесек, 7-декабрда күч түзүмдөрүнө таандык форма кийген жаран жөө адамды сүзүп кеткен. Бул маалымат Kaktus.media сайтына жарыялангандан кийин Коргоо министрлиги А. Б. Т. аттуу аскер кызматкери өзүнүн унаасы менен жөө адамды сүзүп алганын ырастаган.

Ал эми жабырлануучу №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилгени, абалы канааттандырарлык экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9556