"Жөө келдим". Лукашенко мамлекеттик резиденцияга кантип келгенин айтты
RU

"Жөө келдим". Лукашенко мамлекеттик резиденцияга кантип келгенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саммитке келген чет өлкөлүк лидерлерди, өкмөт башчыларды Садыр Жапаров тосуп алды.

Протокол боюнча, президент конокторду резиденциянын кире беришинен тосуп алып, желектердин алдында сүрөткө түшөт.

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко резиденцияга кирип, Садыр Жапаров менен кол алышып жатып "кечигип калган жокмунбу?" деп тамашалуу суроо салды.

"Мен кечигип калган жокмунбу? "Мерседес" араң от алды, жөө келдим", - деди күлүп.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9558