Садыбакасова менен депутаттын пикирлеринен кийин ЖК билдирүү жасады
RU

Садыбакасова менен депутаттын пикирлеринен кийин ЖК билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова депутат Аида Исатбек кызынан кечирим суроону талап кылган. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан Садыбакасованын пикиринен кийин билдирүү жасады.

Анда депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт деп айтылат.

"Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан. Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы, ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Гүлшайыр Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет", - дешет Жогорку Кеңештен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9568