Камчыбек Ташиевдин уулу шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып жатат
RU

Камчыбек Ташиевдин уулу шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Муурас Жалал-Абаддын шаардык кеңешинин депутаттыгына талакерлигин койду. Бул маалыматты БШКнын сайтында жарыяланган талапкерлердин тизмеси күбөлөндүрүп турат.

27-жаштагы Тай-Мурас Ташиев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмегинде 29 номер менен кетип жатат. Ал "Томас и Ко" фирмасынын директорунун орун басары катары көрсөтүлгөн.

2020-жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо Тай-Мурас "Мекенчил" партиясынын ишенимдүү адамы болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/957