ӨКМнын кызматкери жандандыруу бөлүмүнө түштү
RU

ӨКМнын кызматкери жандандыруу бөлүмүнө түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери оор абалда Кара-Көл шаардык ооруканасына түшкөн. Ага Бишкек шаарынан дарыгерлер жөнөтүлдү. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, министрликтин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоев 11-декабрда болжол менен саат 18:30 чамасында кан басымы жогорулап, "Тез жардам" кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына түшкөн.

Кара-Көл шаардык ооруканасынын дарыгери Сүйүналы Ыманкуловдун айтымында, бейтапты Бишкек шаарындагы атайын ооруканага алып келүүгө жана жол жүрүүгө убактылуу болбойт. Анткени, анын абалы кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн. Азыркы учурда дарттын болжолдуу аныктамасы – мээдеги кан айлануунун курч мүнөздө начарлоосу жана кан басымдын жогорку көрсөткүчтө кармалышы. Ошондой эле дартка так аныктама берүү үчүн инструменталдык изилдөө (МРТ, КТ) жана медициналык атайын адистердин корутундусун жасоо зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 13-декабрга караган түнү саат 03:10до Бишкектеги Улуттук госпиталынан нейрохирург, анестезиолог-реаниматолог жана министрликтин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө барышты.

Дарыгерлер бейтаптын абалын жеринен көрүп, учурда көзөмөлгө алууда.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, подполковникти Бишкектеги ооруканага которуу үчүн тик учак сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9583