Гепатитке каршы эмдөө башталат. Тизмеде чач тарачтар, сулуулук кызматкерлери бар
RU

Гепатитке каршы эмдөө башталат. Тизмеде чач тарачтар, сулуулук кызматкерлери бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын декабрь айында гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө кампаниясы башталат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдашты.

Гепатиттин В түрү - боорду жабыркатуучу кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору. Эгер убагында дарылабаса циррозго өтүп кетет. Ага каршы эң эффективдүү коргоо бул- эмдөө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен калкты вирустук гепатитке каршы эмдөө боюнча максаттуу топтун тизмеси бекитилди. Ага ылайык, төмөнкү топтогулар эмделет:

  • кан же кан толуктоочу азыктарды көп талап кылган адамдар, диализ менен ооругандар жана органдарын трансплантациялоочу реципиенттер;
  • рак менен ооруган бейтаптар;
  • кургак учук менен ооругандар;
  • гемофилия менен ооруган бейтаптар;
  • ВИЧ менен жашаган адамдар;
  • менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери;
  • гепатитке каршы эмдөөлөрдүн толук курсун бүтүрө элек жана В гепатити эндемикалык аймактарга баргандар (бул категориядагы адамдарга саякатка чыгаар алдында эмдөө сунушталат);
  • эркиндигинен ажыратылган жайларда камалгандар;
  • инъекциялык баңгизатын колдонуучулар;
  • эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, трансгендерлер;
  • өнөкөт вирустук гепатити бар адамдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жыныстык байланышта болгон адамдар;
  • коркунучтуу сексуалдык өнөктөштөрү бар адамдар;
  • мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесинин кызматкерлери (карылар үйлөрү, балдар үйлөрү, ымыркайлар үйлөрү, интернаттар жана башкалар);
  • тейлөө кызматкерлери (чач тарачтар, сулуулук салондору, татуировка, хиджама жана башкалар);
  • аскер кызматчылары (ички аскерлер, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия, Коргоо министрлиги жана башкалар);
  • улуттук эмдөө графигинин алкагында вирустук гепатитке каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар
  • бардык университеттердин, колледждердин жана башка эквиваленттүү мекемелердин студенттери.

Компания биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун аймагында декабрь айында өткөрүлөт. 2023-жылдын январынан тарта республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

  • Эмдөө Россияда чыгарылган "Регевак V" вакцинасы менен жүргүзүлөт.
  • Вакцина жогорку иммуногендик.
  • Вакцина универсалдуу. Аны жаңы төрөлгөн балдарга да, чоңдорго да колдонсо болот. Аны пландуу (вакцинациялоо графигине ылайык) жана шашылыш (инфекцияланган биоматериал менен байланышта болгон учурда) В гепатитинин алдын алуу максатында колдонсо болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9605