Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөртүлдү
RU

Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамдары жарым-жартылай өзгөртүлдү. Борбор калаанын мэриясынан кабарлашкандай, эки маршруттук такси жана бир автобустук каттамдардын багыты өзгөрдү. Алар:

  • № 152 маршруттук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү. Эми каттам Шералиев көчөсү менен Семетей көчөсүнө чейин, 18-көчөгө кирбестен жүрөт. Андан кийин мурдагы багыт менен каттайт.
  • № 38 автобустук каттамы түз эле Буурдин көчөсү боюнча Темиров тилкесине чейин, андан ары мурункудай каттам менен жүрөт.
  • № 172 маршруттук каттамы Учкун конушундагы 9-көчөгө чейин узартылат. Бул тургундардын өтүнүчү менен өзгөртүлдү.

Бишкек мэриясынан каттамдардын кыймылын өзгөртүү боюнча калган кайрылуулар канааттандырылбаганын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9607