Бишкекте кызды сабаган видеосу тарап кеткен жаран жоопкерчиликке тартылган жок. Себеби
RU

Бишкекте кызды сабаган видеосу тарап кеткен жаран жоопкерчиликке тартылган жок. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Бишкектеги ресторандардын биринин жанында белгисиз жарандын кызды сабап жаткан видеосу тараган. Өздүк булактар Kaktus.media сайтына видеону жиберишип, окуя 4-декабрга караган түнү болгонун айтышкан.

Ага ылайык, Altyn Palace тойканасынын жанында кызга кол салуу болгон. Видеодон белгисиз жаран жерде жаткан кызды тепкилегенин, чачтарынан кармап тургузганын көрүүгө болот. Бул учурда башка адамдар жардамга келип, кол салган жаранды башка тарапка, кызды башка тарапка алып кетишкен.

Биринчи Май РИИБдин берген маалыматына ылайык, кол көтөргөн киши жоопкерчиликке тартылган жок.

Милицияга 22 жаштагы Д.С. арыз менен кайрылган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү 1991-жылы туулган Д.К. экени такталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк жабыралнуучу сабалганы боюнча ишти тергөөнү токтотууну суранып, тосмо арыз жазган.

Кыз эч кандай доосу жок экенин белгилеп, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу иш токтотулганын милициядан кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9609