Капиталы $ 50 000 000 Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө Келишимге кол коюлду
RU

Капиталы $ 50 000 000 Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө Келишимге кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аталган документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Документке тараптардын чарба субъектилеринин соода, инвестициялык жана финансылык алакаларын тереңдетүү жана кеңейтүүгө өз-ара кызыкдарлыгын эске алуу менен кол коюлган.

Фонд Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы аралык экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген. Фонддун милдети, функциясы, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укугу Устав аркылуу аныкталат.

Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) жайгашып, Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармалыгы ишке ашырат.

Белгиленгендей, Фонд өлкө аймагында катталган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине займ берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу ыкмасы аркылуу Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү багыттардагы каржылоону ишке ашырат:

- агроөнөржай комплекси;

- тигүү жана текстиль өнөр жайы;

- кайра иштетүү өнөр-жайы;

- тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр-жайы;

- транспорт;

- турак-жай курулуш;

- соода;

- ишкерликти өнүктүрүү;

- энергетикалык комплекс;

- инфраструктураны өнүктүрүү;

- туризмди өнүктүрүү.

Фонд эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында өз-ара аракеттешет, ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлор боюнча техникалык көмөк көрсөтөт.

Фонддун Уставдык капиталы 50000000 (элүү миллион) АКШ доллары суммасын түзөт

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/960