Аманова, Салымбеков, Шеримкулов. Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарын алгандардын тизмеси
3060
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмерлерине жана маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар берүү жөнүндө жарлык чыгарды. Сыйлык Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналат.
slide 3 of 2
ll даражадагы "Достық" ордени менен сыйлангандар:
- Апас Жумагулов - Кыргыз Республикасынын Баатыры, экс-премьер-министр;
- Медетхан Шеримкулов - Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин мурдагы төрагасы;
- Роза Аманова - Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дастанчы, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор;
- Абдылдажан Акматалиев - Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору;
- Муратбек Иманалиев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштеринин мурдагы министри;
- Тилектеш Ишемкулов - профессор, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси;
- Руслан Казакбаев - Кыргызстандын Түркиядагы элчиси;
- Сүйүнбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын статс-катчысы;
- Арзыбек Кожошев - Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри;
- Саламат Табышева - Мухтар Ауэзов атындагы фонддун Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси.
Казак президентинин Ардак грамотасы менен:
- Нурлан Абдиралиев - Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, "Достук" ансамблинин солисти;
- Турсун Акматаева - Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү;
- Азамат Жаманкулов - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты экс-министри;
- Кайрат Иманалиев - УТРКнын башкы директору;
- Алмазбек Истамбаев - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору;
- Канат Керезбеков - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи;
- Бактыбек Кудайбергенов - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
- Кыргызбай Осмонов - Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын директору;
- Аскар Салымбеков - "Дордой" ассоциациясынын ардактуу директору ;
- Эркин Тентишев - С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү;
- Бахыт Чермашев - "Хабар" телеканалынын кабарчысы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9612