Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына жасаган сапарынын алкагында 2 негизги документке кол коюлду. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, документтер сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталат.
Экинчи макулдашууга ылайык, Maqta Gateway Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.
"Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет", - дейт Акылбек Жапаров.