"Альянс Алтын" жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пландуу иштерди жүргүздү
RU

"Альянс Алтын" жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пландуу иштерди жүргүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс Алтын" ЖЧКсы экологиялык мониторинг программасынын алкагында "Чүй экологиялык лабораториясы" ЖЧКсы менен лицензия боюнча жана кен казуу жерине жакын жайгашкан аймакта агып жаткан сууларда орнотулган 20 контролдук түйүндөрдөн жаратылыш сууларынан үлгүлөрдү (пробалар) алган.

Санитардык коргоочу аймактардын чектериндеги өндүрүштүк объекттердин, жергиликтүү тазалоочу жайлардын атмосфералык абадан үлгүлөр алынды. Катуу отун жагылуучу от жагуучу жайларда чаң-газ тазалоочу түзүлүштөрдүн иштөөсү текшерилди.

Жогоруда айтылгандардын жыйынтыктары боюнча, бардык иштер 2022-жылдын экологиялык мониторингинин планына ылайык жүргүзүлүп жатат. Ушул жылдын биринчи эки кварталында айлана-чөйрө компоненттеринин курамындагы ченемдерден четтөөлөр табылган жок.

Талас мергенчилер жана балыкчылар коому Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын уруксаты менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча биотехникалык иш-чаралардын планына ылайык, Чоң-Чычкан суусунун боюна 15 баш семиречен кыргоолдору коё берилди.

Кыргоолдордун отурукташуусу кен чыккан жердин аймагында сейрек кездешүүчү канаттуулардын түрлөрүнүн санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Талас мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Чоң-Чычкан суусунун жайылмасында чөөлөр жана "Жерүй" ӨБ аймагындагы жолбун иттер атылып, жок кылынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9620