Ошто келиндин сөөгү сандыктан табылды. Ал шектүү менен 8 ай чогуу жашаган
RU

Ошто келиндин сөөгү сандыктан табылды. Ал шектүү менен 8 ай чогуу жашаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 36 жаштагы келиндин жансыз денеси сандыктан табылды. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милицияга 1-декабрда саат 13:40 чамасында билдирүү түшкөн. Анда Кара-Суу районунда 36 жаштагы З.А. аттуу аялдын жансыз денеси өзү жашаган үйдөгү сандыктан табылганы кабарланган. Жерине барган ыкчам топ жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда жаракаттар бар экендиги байкалган.

Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бул факты боюнча 122-берененин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.

14-декабрда тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун 49 жаштагы З.К. аттуу тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон. Ал каза болгон келин менен сегиз айдан бери жарандык никеде жашап жүргөнү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9623