Жалал-Абадда милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды
RU

Жалал-Абадда милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Э.Ш.К. 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирет.

Маалыматта айтылганда, ал Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө ("опузалап пара талап кылуу") боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9636