2023-жылдагы узак дем алыш күндөрдүн календары бекитилди
RU

2023-жылдагы узак дем алыш күндөрдүн календары бекитилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди жана которулду

  • 9-январдагы дем алыш күнү 3-январдагы иш күнүнө;
  • 25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө;
  • 11-марттагы дем алыш күнү 5-январдагы иш күнүнө;
  • 25-марттагы дем алыш күнү 6-январдагы иш күнүнө.

2023-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди

29-апрелдеги дем алыш күнү 20-марттагы иш күнүнө которулду.

2023-жылдын 5-майынан 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди

13-майдагы дем алыш күнү 8-майдагы иш күнүнө которулду.

2023-жылдын 4-ноябрынан 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди

11-ноябрдагы дем алыш күнү 6-ноябрдагы иш күнүнө которулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9638