Азиз Мурадиллаевдин сөөгү жерге берилди
RU

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 19-декабарда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Азиз Мурадиллаев 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9644