Кыргыз, түрк лидерлери Катарда эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү
RU

Кыргыз, түрк лидерлери Катарда эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Катарда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул туурасында президенттик администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуу 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) өттү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9649