Турак үйдөн өрт чыгып, бир аял каза болду
RU

Турак үйдөн өрт чыгып, бир аял каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапса, дагы бирөө жабыркады. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык 18-декабрда катталган.

Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн районунун Восток айылындагы турак үйдөн чыккан өрт 2 сааттан ашык убакытта өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Б.О.Г. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болду. Ал эпилепсия оорусу менен жабыркап келген. Мындан сырткары кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган В.О.Д. аттуу эркек киши жабыркады.

Куткаруучулар жаранды үйдөн чыгарышып, ооруканага жеткиришти.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9654