Баян Акматов: "Айтышта бирөөнүн баш байгесине суктандым"
RU

Баян Акматов: "Айтышта бирөөнүн баш байгесине суктандым"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын, ырчы Баян Акматов Kaktus.kg сайтына акындык өнөрү, айтыштардагы жеңиштин даамы, узап бараткан жылдагы жетишкендиктери тууралуу маек курду.

Ал узап бараткан жыл жалпысынан ийгиликтүү болгонун, айтыштарда 5-6 байгеге ээ болгонун айтты. Айтымында, төкмөлөр үчүн байге деген баалуулук башка. Ал чыныгы байге кандай экенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

"Айтышта байгени унутуп каласың. Анда башка баалуулук бар - эргүү, элдин, өзүңүдүн эсиңде калган эки сап ырың. Айтышта бир жакшы сап жаратсаң ошол сенин баш байгең.

Мен бирөөнүн баш байгесине суктандым. Бир жолу айтышта Кутман Садыбакасов ырдап жаткан. Мен аны караган жокмун, элдин арасына түшүп атасын карадым. Аталар өзү балдары тууралуу мактана бербейт, "сен кыйратыпсың" деген сөздөрдү айтышат го. А бирок мындай чыкканда кошуна, досторунун арасында мактанат. Аталар сүйүүсүн жашырган адамдар. Дал ошол сыңары атасын көрөйүн дедим. Баласы ырдап жатат, атасынын көзүнө ушунчалык бакыт, жүзүнө нур толгон, кээде ордунан тура калып жатты. Ошону карап алып баш байге деген ушул турбайбы дедим", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9657