Россиялык аскерлер Кыргызстанда машыгуу өткөрүштү
RU

Россиялык аскерлер Кыргызстанда машыгуу өткөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык аскерлер Канттагы авиабазада учкучсуз учуучу аппараттарга каршы машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Машыгууга ылайык, аскер кызматкерлери учкучсуз учактарды башкарууну токтотуп, оператор менен учкучсуз учактын ортосунда байланышты үзүшкөн. Алар "Силок" антидрондук комплексин колдонуп, ошондой эле "Поле-21" жабдыгын колдонушкан.

Машыгууларга радиоэлектрондук күрөш жана комплекстүү техникалык көзөмөл боюнча адистер тартылган.

Эске салсак, Канттагы авиабаза 2003-жылы ачылган. Негизги максаты – ЖККУнун Жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн аракеттерине абадан колдоо көрсөтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9661