Министр Кудайберген Базарбаев ооруканага түштү
RU

Министр Кудайберген Базарбаев ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ооруканада. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев айтты.

Депутаттар эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев жыйынга эмне үчүн катышпай жатканына кызыгышты. Нурдөөлөт Базарбаев министр 20-декабрда кан басымы жогорулап, ооруканага түшкөнүн белгиледи.

Эл өкүлдөрү социалдык блокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көзөмөлдөй турганын, анын да жыйынга катышпаганына нааразы болушту.

Жыйында депутаттар социалдык камсыздандыруу боюнча маселени күн тартибинен алып салышты.

Кийинчерээк Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Кудайберген Базарбаевдин ооруканага жатканын ырасташты. Маалым болгондой, министрге бронхит диагнозу коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9676