Бишкекте 3 эм төрөлдү
RU

Бишкекте 3 эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 37 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Ымыркайлар 20-декабрда жарыкка келгенин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдашат.

Нурзида Садырбаева аттуу шаар тургуну №2 төрөт үйүндө көз жарды. Ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келди.

Алардын үчөө тең эркек балдар (биринчи төрөлгөн уулдун салмагы 2360 гр, экинчисиники 1900 гр, үчүнчүсү 2490 гр).

Эне жана балдардын абалы канааттандырарлык дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9677