Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын алды
RU

Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алды. Бул тууралуу Өзбекстан менен Кыргызстандын Энергетика министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Андагы маалыматта 2021-жылдын 11-мартында Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Өзбекстандын Энергетика жана Суу чарба министрликтеринин ортосунда документке кол коюлганы айтылат. Протоколго ылайык, тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча графикти бекиткен.

Борбор Азия чөлкөмүндө суунун азайганын эске алып, Токтогул суу сактагычында оор кырдаал жаралбашы үчүн тараптардын (чарбалык субъекттеринин) ортосундагы келишимдерге ылайык, түркмөн газынан өндүрүлгөн электр энергиясы Кыргызстанга берилди.

Кыргызстанга Түркмөнстандан электр энергиясын алуу келишимдик негизде Өзбекстан аркылуу ишке ашырылып жатканы белгиленет маалыматта.

Ошондой эле тараптардын чарбалык субъекттери 2023-жылы Түркмөнстандын электр энергиясынын транзитин камсыздоого багытталган тиешелүү келишимдерге кол коюшканы баса белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9678