Афганистандан чыккан баңгизаттарды ташыган топтун мүчөлөрү кармалды
RU

Афганистандан чыккан баңгизаттарды ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу ташыган улуттар аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, аталган топ Орто Азиядан Россияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташып жүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россиянын 1988-жылы туулган жараны М.С. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын "Жавлон" жана "Айдар" аттуу эки шеригин аныкталган. Алар Баткен облусунун Исфана шаарынын 25 жаштагы К.Ж. жана А.А. аттуу тургундары экени такталып, колго түшүрүлдү. Алар орус жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.

Учурда бул кылмышка дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталып, аларды кармоо боюнча иштер аткарылып жатат.

Андан сырткары иликтөөнүн жүрүшүндө Россияга жөнөтүү үчүн сары таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасаган гараж табылган. Иликтөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9679