"Манас" эпосу тууралуу мультисериалдын экинчи сезону чыгат. Трейлери
RU

"Манас" эпосу тууралуу мультисериалдын экинчи сезону чыгат. Трейлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 5-январында "Манас" эпосунун негизинде тартылган анимациялык сериалдын экинчи сезону чыгат. Сериалды "Тентек" мультипликациялык студиясы ("Тентек" ЖЧКсы) тартуулайт.

Долбоор Tentek Animation YouTube каналында жана "Этномедиа" онлайн кинотеатрында платформасында кыргыз тилинде көрсөтүлөт. Ал эми 2023-жылдын февраль айында орус тилинде чыгат. Жаңы сезондо алты эпизод болот.

"Манас" эпосунун негизинде тартылган анимациялык сериалдын биринчи сезону 2020-жылы чыккан. Анда Манастын төрөлгөнүнөн хан болгонго чейинки кези баяндалат. Мультсериалдын экинчи сезону Манас баатырдын хан болгондон тартып, Көкөтөйдү эскерүүгө чейинки бөлүгүн көрсөтөт.

"Тентек" студиясы 2019-жылы негизделип, андан бери кыргыз маданияты тууралуу долбоорлорду түзүп, ага жаштардын кызыгуусун арттырып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9694