Өзбекстанда балдар арасындагы өлүмгө дары себеп экендиги айтылды. Министрлик чечим чыгарды
RU

Өзбекстанда балдар арасындагы өлүмгө дары себеп экендиги айтылды. Министрлик чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда балдар арасында катталган жапырт өлүмдү "Док-1 Макс" дарысы менен байланыштырууда. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти билдирүү жасады.

Департаменттин маалыматы боюнча, "Док-1 Макс" индиялык өндүрүштөгү комбинацияланган дары болуп саналат. Дарынын курамында активдүү заттар бар: парацетамол, гвайфеназин, фенилэфрин. Ал баш оору, ангина, жөтөл, калтыроо менен коштолгон курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн көрсөтүлгөн.

"Док-1 Макс" таблетка жана сироп түрүндө чыгарылат. Аталган дары каражаты Кыргызстанда 2018-жылы катталган, акыркы жолу 2021-жылы импорттолгон, 2022-жылы өлкөгө импорт болгон эмес.

Коңшу өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен "Док-1 Макс" дарысын 2022-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле лабораториялык талдоо жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды", - дешет мекемеден.

Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинен кошумчалашкандай, "Док-1 Макс" дарысынын терс тассирлери боюнча бир да арыз билдирүү түшкөн эмес. Эгер дарыны колдонгондон кийин терс таасирлер байкалса кабар берүүнү жарандарга эскертет. Байланыш үчүн номер: 0800 800 26 26.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9695