Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды
RU

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, анда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9701