"Акун" пансионатына мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
RU

"Акун" пансионатына мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын жеке менчигине мыйзамсыз өткөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Андагы маалыматка караганда, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан "Акун" пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыккан. Ошондой эле мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу арызы каралып, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9705