Оюндан от чыкты! Кара-Көлдө жаңы жылдык балатыны өрттөп кеткендер кармалды
RU

Оюндан от чыкты! Кара-Көлдө жаңы жылдык балатыны өрттөп кеткендер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балатыга өрт койгондор аныкталды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 23-декабрда саат 05:00 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканын кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барышкан. Бул окуя маалыматтардын электрондук журналына өрт кырсыгы деп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалган. Ошондой эле шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Топтолгон материал 216-берене (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми шектүү катары 2002-жылы туулган С.Б., 2004-жылы туулган А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. кармалып, сурак беришкен. Алар балаты күйөбү же жокпу деп ойноп от жагып көрүшкөнүн, от тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, былтыр да Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9706