Кытайда бир күндө 37 миллион адамдан коронавирус аныкталды
RU

Кытайда бир күндө 37 миллион адамдан коронавирус аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда декабрдын башынан бери 248 миллион адам коронавирус жуктуруп алган, бул жалпы калктын 18 пайызын түзөт. Мындай маалыматтар Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын жабык жыйынында айтылды деп билдирет Bloomberg.

Андагы маалыматта бир эле күндө, 20-декабрда Кыйтайдын 37 миллион тургунунан коронавирус аныкталганы айтылат. Бул COVID-19 илдетинин дүйнө жүзү боюнча эң ири катталган учуру.

Буга чейин көз карандысыз аналитиктер Кытайда күн сайын бир миллион гана адам ооруп жатат деп божолдуу эсептешкен. Күнүмдүк өлүмдүн көрсөткүчү, алардын айтымында, беш миң адам деңгээлинде.

Расмий түрдө Кытай бийликтери декабрдын башынан бери 3000 гана учурду тастыктаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын 800 миллион жараны кыш мезгилинде ооруп калышы мүмкүн деп эскертет – бул өлкөнүн калкынын жарымынан көбү жана чындыгында планетанын ар бир онунчу тургуну.

Ошол эле учурда ДСУ Кытайдан өтө аз маалымат келип жатканын, өлкө бийлигин кызматташууга чакырат. Ал эми Пекинден айыптоолорду четке кагышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9708