Ай сайын 1000$. Кафенин кожойкесинен опузалап акча талап кылганга шектүүлөр кармалды
RU

Ай сайын 1000$. Кафенин кожойкесинен опузалап акча талап кылганга шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында кафенин ээсинен опузалап акча талап кылганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кочкор РИИБдин жетекчиси кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ички иштер бөлүмдүн жетекчиси кылмыштуу топтун ишин жаап-жашырып жүргөн.

Белгилүү болгондой, 24-декабрда Кочкор районунда К.Асанбектин (ред.: Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ш.Н.О., А.Ы.А., Б.О.Н. жана О.Ч.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Такталгандай, 7-ноябрда кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин бирине барып, тойкананын ээсинен ай сайын 1000 доллар төлөп турууну талап кылып, болбосо өрттөп саларын айтышкан. Ошондой эле ичкен тамак-ашынын эсебин төлөөдөн баш тартышкан. Кафе ээси милицияга кабар берип, чара көрүүнү өтүнгөн. Жерине барган милиция кызматкерлери мыйзамдуу чара көргөн эмес. Акча талап кылгандар укук коргоочуларды тоготпой, кафенин кожойкесин зордуктап кетерин да айтып коркутушкан. Милиция кызматкерлери кеткенден кийин 2 саат бою кожойкени мазактап, уюшкан кылмыштуу топ менен күч түзүмдөрүндө байланыштары бар экенин айтышкан.

Кайра-кайра чакыруудан кийин РИИБден башка топ келген. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милицияны көчөгө алып чыгып, кол алдындагылардын көзүнчө сабап, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Белгилей кетсек, кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБдин жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөнү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны каттоого жана оперативдүү протоколдорго киргизбөө боюнча көрсөтмө берилип, окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Андан тышкары РИИБдин жетекчиси кызматтык абалынан пайдаланып, кафенин ээсине тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9709