Базар-Коргондо аялдын оозун жана колдорун скотчтоп, карактап кетишкен
RU

Базар-Коргондо аялдын оозун жана колдорун скотчтоп, карактап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда түн ичинде аялдын зер буюмдарын чечип, ири суммадагы акчасын карактап кетишти. Облустук милициядан кабарлашкандай, шектүүлөр колго түшүрүлдү.

Окуя тууралуу милицияга 16-декабрда таңкы саат 05:00 чамасында билдирүү түшкөн. Анда Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну 16-декабрда саат 04:00 чамасында үйүнө беткапчан адамдар кирип, 49 жаштагы апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 000 сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган факты 207-берене (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1988-жылы туулган М.Ш., Ноокен районунун 1999-жылы туулган тургундары Ж.У. жана С.М. кармалышкан.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9717