Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чечимдерди кабыл алды
RU

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чечимдерди кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу 26-декабрда өттү.

Жолугушууда чек ара ведомстволорунун жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруу боюнча мурда кол коюлган протоколдордун аткарылышын карашты.

Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал талкууланып, эки тараптуу чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • 2023-жылы биргелешкен жумушчу комиссиянын ишин улантуу;
  • эки өлкөнүн жарандарынын мүлктөрүн кайтарып алуу боюнча ишти тездетүү жөнүндөгү маселени прокуратура органдарына демилгелөө;
  • мамлекеттик чек арада тараптардын ортосундагы мамилелердин курчушуна алып келген аракеттерге жол бербөө.

Сүйлөшүүлөргө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода да катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9725