Акылбек Жапаров милиция кызматкерлери 18 саат иштеп, жакшы көрсөткүч жасаганын айтты
RU

Акылбек Жапаров милиция кызматкерлери 18 саат иштеп, жакшы көрсөткүч жасаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-декабрда эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Анда өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин эске салды.

"Сиздердин иш күнүңүздөр 8 саатка эмес, 365 күн бою 18 саатка созулуп, жеке жашоодон кызматтык милдеттерди бийик коюп, мекенибиз үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн иштеп жатасыздар, бул талашсыз чындык. Ушул күндөрү республика боюнча 12 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт", - деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, ведомство алдында жол коопсуздугун күчтөндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка, жаш өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын кайрылуусу боюнча иштерди күчөтүү милдети турат.

Министрлер кабинетинин башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, 2022-жылда Ички иштер министрлигинин жакшы көрсөткүчтөрүн, анын ичинде кылмыштуулук саны кыскарып, кылмыштардын бетин ачуу көбөйгөндүгүн, жарандардын кайрылуулары боюнча иштер жакшыртылгандыгын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9729