Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт
RU

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Мелдешке өлкөбүздүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан спортчулар катышып, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, +96 кг салмакта күч сынашат.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргошот.

Кыргыз күрөшү боюнча 2021-жылкы өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт.

Программа боюнча мелдештер 22-мартта саат 10:00до башталып, ачылыш аземи саат 14:00до орун алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/973