Жаңы жылда салюттарды аттырууда муну эске алыңыз
RU

Жаңы жылда салюттарды аттырууда муну эске алыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-январга караган түнү сааттын жебеси 12:00дү какканда салюттар, фейерверктер атылып, айлана түркүн түскө боёлот. Сиз дагы пиротехникалык каражаттарды камдап койдуңузбу?

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору петардаларды колдонууда сак болууга чакырып, бир нече кеңештерди сунуштады.

  • алгач эле сатып алууда эрежелерди сактаңыз;
  • мындай каражаттарды кутуларга салып сактаңыз;
  • үйдүн ичинде, жабык имараттарда же күйүүчү нерселердин жанына аттырбаңыз;
  • балдарга пиротехникалык каржаттарды чоңдордун көзөмөлү астында гана бериңиз;
  • салюттарды, фейервектерди аттыруу учурунда 5 метр алыс туруңуз;
  • эгерде жарылбай калса пиротехникага 5 мүнөттөн эрте жакындабаңыз;
  • петардаларды уруксатсыз сатылган жерлерден алуунун ордуна, сатууга уруксат берилген дүкөндөрдөн алыңыз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9746