Режиссёр, ырчы, төкмө акын... Бир катар ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
RU

Режиссёр, ырчы, төкмө акын... Бир катар ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, ар кыл чөйрөнүн ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

II даражадагы "Манас" ордени менен:

  • Геннадий Базаров, "Кыргызтелефильм" чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына:

  • Советжан Асанкадыр, "Айкөл" тобунун жетекчиси, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы татыды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы:

  • Съездбек Искеналиевге - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин "Семетей" ыр-бий ансамблинин солисти;

  • Урмат Усенов, эстрада ырчысы;
  • Азамат Сарыбаев, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" кыргыз фольклордук тобунун артисти;

  • Максат Кулуев - Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акынына берилди.

Садыр Жапаров социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий чөйрөнүн кызматкерлерин бүгүн, 29-декабрда сыйлайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9752