Баткен облусунун башчысына генерал-майор чини ыйгарылды
RU

Баткен облусунун башчысына генерал-майор чини ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге генерал-майор чини тапшырылды.

Облус башчысына наамды президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачып жатып тапшырды.

Абдикарим Алимбаев 1973-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Кыргыз-Ата айылында туулган.

Ал 2014-жылдан тарта Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында иштеп, 2021-жылдын 6-майынан баштап президенттин Баткен облусундагы өкүлү болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9764