Дарыгер кандай оорусу бар адамдарга мандарин жесе болбой турганын айтты
RU

Дарыгер кандай оорусу бар адамдарга мандарин жесе болбой турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку категориядагы дарыгер Сергей Длин кант диабети, ашказан жарасы жана башка оорулары бар адамдар мандарин жегенден баш тартышы керектигин айтты. Бул тууралуу gazeta.ru басылмасы жазып чыкты.

Дарыгер мандарин ичеги-карын оорулары бар адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн экенин, анткени алар ичегилердин жана ашказандын былжыр катмарын дүүлүктүрүп, кычкылдуулугун жогорулатарын баса белгиледи.

Бул жемиш түрүн кант диабети барлар да жебеши керек. Мандариндер кандагы канттын деңгээлин жогорулатат, ошондуктан аларды өзгөчө учурларда жана аз өлчөмдө, жумасына эки-үч даана керектөө зарыл.

Длиндин айтымында, бөйрөк оорусу барлар мандаринди этияттап жеш керек. Мандариндин курамында бөйрөктөгү таштардын кыймылын козгоочу кислоталар бар, бул өтө кооптуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9789