2021-жылы Эдил Байсалов 4 миллион сомдон ашык киреше тапкан
RU

2021-жылы Эдил Байсалов 4 миллион сомдон ашык киреше тапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2021-жылы 4 миллион 172 миң 468 сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын кирешелери тууралуу декларациясында айтылат.

Эдил Байсаловдун 2021-жылдагы айлык кирешеси 347,7 миң сомду түздү. Ошол эле учурда Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына 2021-жылдын октябрында гана келгенин, ага чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштегенин баса белгилей кетүү керек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары декларациясында жалпы аянты 125,89 м² болгон үйдү да көрсөткөн.

Ал эми жер тилкелери, автоунаалары жана жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9792