"Бул акция эмес, майрам". Өзбекстандын министрлиги фейк кабарлар тууралуу эскертти
RU

"Бул акция эмес, майрам". Өзбекстандын министрлиги фейк кабарлар тууралуу эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Самаркандда жаңы жылды тосуу үчүн көчөгө чыккан жүздөгөн өзбекстандыктар нааразылык акциясын уюштурду деген билдирүүлөр тарады.

Orda.kz маалымат порталы Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин бул билдирүү боюнча пикирин жазды. Анда эч кандай нааразычылык акциясы болбогону айтылат.

"Бул маалымат таптакыр негизсиз жана чындыкка дал келбейт. 31-декабрдагы майрамдык иш-чараларды көрүү үчүн көчөлөргө көп сандаган жарандар чогулду. Майрамдан кийин алар үйлөрүнө тарап кетишти", - деп белгилейт Өзбекстандын Ички иштер министрлиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9800