Ошто милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды куткарды
RU

Ошто милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды куткарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары 23 жаштагы кызды ала качууга шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматтар боюнча, 31-декабрда саат 16:30дар чамасында МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Айдоочу патрулдук милициянын талаптарына баш ийбей, катуу ылдамдыкта айдап кетип калган.

Инспекторлор алардын артынан кууп барып унааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда унаадан жардам сураган кыздын үнүн угушкан.

Унаанын айдоочусу досун жубайы менен алып баратканын айткан. Кийинчерээк, Кара-Кулжа районунун 25 жаштагы тургундары 23 жаштагы кызды күч менен Кара-Кулжа районуна алып баратышканы белгилүү болгон.

Кармалгандар Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9810