Президенттин басма сөз кызматынын башчысы мамлекеттик уюлдук операторго өтүүгө чакырды
RU

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы мамлекеттик уюлдук операторго өтүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды Mega уюлдук операторуна өтүүгө чакырат. Ал социалдык тармактагы баракчасына үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү мамлекеттик оператордун кызматынан пайдаланарын жазды.

"Башкаларды дагы мамлекеттик уюлдук операторго өтүүгө чакырам. Ага түшкөн пайда, кирешелери мамлекетке калат. Мамлекетке көп каражат түшсө - айлык, жөлөк пул, пенсиянин көлөмү өсөт. Мектептер дагы көп курулат, жолдор салынат. Мекенди сүйүү жөнөкөй эле - Mega`нын кызматын пайдалан", - деп жазат ал.

Эске салсак, мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алгандар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана дарыгерлер үчүн MegaCom ата мекендик операторуна өтүү боюнча ачык-айкын эмес көрсөтмө былтыр берилген. Бирок министрлер кабинети бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9814