Ошто кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды
RU

Ошто кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калың жааган кардын кесепетинен Ошто көчкү түшүп, бир унаа жол жабылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 4-январда Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 куб метр кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары жолдун 70-80-чакырымдарында бийиктиги 50-90 сантиметр болгон кар күрткүлөрү пайда болуп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Бүгүн, 5-январда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9816