6-январда тоолуу аймактарда кар жаайт
RU

6-январда тоолуу аймактарда кар жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-9-январга чейин өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

6-январда айрым аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда күндүз жана 7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.

8-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9821