Бишкектеги №9 троллейбус каттамы 2 айга токтойт
RU

Бишкектеги №9 троллейбус каттамы 2 айга токтойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №9 троллейбус каттамы канализациялык курулуш иштеринен улам дээрлик 2 айга токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы билдирди.

"Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсү боюнча, Красный көчөсүнөн баштап Л. Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда. Ошол себептен, 2023-жылдын 6-январынан тарта №7 троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт",- деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми №9 маршруттук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2-айга уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9826