Троллейбуста бара жаткан жигит сүйүктүүсүнүн колун сурады. Видео
RU

Троллейбуста бара жаткан жигит сүйүктүүсүнүн колун сурады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 11-троллейбуста бара жаткан жигит сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу жигиттин досу билдирип, окуя 6-январда болгонун айтты.

"Мен аны таанышы болом. Ал мага келип, "мен азыр анын колун сурайм" деди. Мен дароо телефонумду алып чыгып видеого тартып, колдоп турдум. Менден башкалар дагы видеого тартышты", - дейт жигиттин досу.

Жумуштан чарчап бара жаткандардын дагы көңүлү көтөрүлүп, колдошкон.

"Кыз түшүнбөй кетип анан "ооба" деди. Бери жакта турган мен толкунданып, тердеп да кеттим. Алардын кубанычына чын жүрөктөн кубанып калдым", - деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9834