Акылбек Жапаров чылаа болгон мал базарга барып, нааразы болду
RU

Акылбек Жапаров чылаа болгон мал базарга барып, нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Ал базарды иретке келтирүү керектигин эскертти дешет министрлер кабинетинен.

"Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районундагы мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек", - деди ал.

Акылбек Жапаров 8 гектар аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты. Объекттин курулушу ушул жылдын жаз айларында башталышы керектигин айтты.

"Кандай болгон учурда да министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базардын быйылкы жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9846