Кримтөбөл Камчы Асанбектин жакыны делинген жаран кармалды
RU

Кримтөбөл Камчы Асанбектин жакыны делинген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын адамы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал ден-соолукка оор залал келтиргенге шектелип жатканын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Маалыматка караганда, 6-январда Чолпон-Ата шаарынан 35 жаштагы жаран Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Ал белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Жабырлануучунун туугандары арыз менен милицияга кайрылып, күнөөлүүлөрдү аныктап, чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Бул факты боюнча 130-берененин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Ысык-Көл районунун 1989-жылы туулган Н.С. аттуу тургуну кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын адамдарынын бири.

Соттун токтому менен ал эки айга камакка алынды. Тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалашат министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9851