Токтогулда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Токтогулда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулда дүкөндүн сатуучусун коркутуп, акча опузалаганга шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.

Белгилүү болгондой, 8-январда милицияга 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылы 31-декабрда саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жатканда дүкөнүнө бейтааныш бала келип, коркутуп, опузалап 5000 сом акча талап кылып, "бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз" деп кетип калганын айткан. 8-январда саат 15:00 чамасында акча талап кылган жигит 2 шериги менен келип, унаага салып кетип, Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, сөгүп, уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Бул факты 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

9-январда шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Андан тышкары 1995-жылы туулган А.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9870